Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахтан чыккандарды өткөрүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахтан Лачин коридору аркылуу өз алдынча чыгып жаткан жай тургандардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы билдирип, видео таратты.
Аскерлер күнү-түнү азык-түлүк жүктөгөн колонналарды да коштоп жүрүшөт. Анын ичинде менчик автокөлүгү жок жай жарандарды ташыган эвакуациялык рейстер да бар. Бул постторго ичүүчү суунун, дары-дармектин, күйүүчү майдын кору алып келинген. Муктаж болгондорго гуманитардык жардам көрсөтүлөт.
Россиялык тынчтык орнотуучулардын контингенти кан төгүүгө жол бербөөгө, коопсуздукту камсыздоого багытталган Баку менен Степанакерт ортосундагы тынымсыз өз ара иштешүү аракетине колдоо көрсөтүп турат.
РФ тынчтык орнотуучулары Тоолуу Карабахтын жашоочуларына азык-түлүк жеткирди