Бишкектеги КМШ саммити

Путиндин Кыргызстанга келер күнү аныкталып, Кремль даярдык көрүүдө

13-октябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын убактысы аныкталды, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекет башчынын Кыргызстанга болгон сапарынын убактысы аныкталып, ага даярдык көрүлүп жатат. Аны өз убагында маалымдайбыз", — деген ал.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 12-октябрда келерин маалымдаган. 13-октябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити болсо, 25-октябрда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны күтүлүүдө.
ЕАЭБде 2023-жылдын аягына чейин экономикалык өсүш күтүлүүдө