Кочкордо Ормон хандын эстелиги ачылып, ага президент катышты

Жапаров тарыхты, тарыхый инсандарды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жеткенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик тууну көтөрүү каадасына жана Ормон хандын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, иш-чара бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында өтүүдө. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп, мамлекеттик туунун маанисине токтолгон.
1 / 6

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Мамлекеттик тууну көтөрүү каадасына жана Ормон хандын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

2 / 6

Билдирмеге ылайык, иш-чара бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында өтүүдө.

3 / 6

Анда өлкө башчы сөз сүйлөп, мамлекеттик туунун маанисине токтолгон.

4 / 6

Президент тарыхты, тарыхый инсандарды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жеткенин белгилеп, кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун таржымалына токтолгон.

5 / 6

Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар сарбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

6 / 6

Ал кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган.

"Бүгүн байыркы мезгилден азыркы күнгө чейин элибиз үчүн мамлекеттүүлүктүн улуу символу болуп келген туубузду Кочкор жергесинде көкөлөтүп олтурабыз. Бул да болсо эгемендигибизди даңазалап-даңктоо, барктоо, кийинки муундардын дем-күчүн арттыруу болуп саналат. Туубуз ар дайым бийик желбиреп турса, кыргызстандыктардын атуулдук сезими бийиктейт, ата-бабаларыбыздын астындагы милдетибизди күн сайын эскертип турат! Улутка кызмат өтөгөн даңктуу ата-бабалардын жолун улаган, кечээ жакында эле чет жерде кызыл байрагыбыз менен гимнибизди жаңырткан спортчуларыбыздын учугун улаган демдүү, күчтүү, демилгелүү жаштар арбын чыксын деп тилек кылалы", — деген Жапаров.
Президент тарыхты, тарыхый инсандарды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жеткенин белгилеп, кыргыз тарыхында салмактуу орду бар Ормон хан Ниязбек уулунун таржымалына токтолгон.
"19-кылымдагы татаал кырдаалда Ормон Ниязбек уулу бытыранды кыргыз урууларын бир хандыкка бириктирүү демилгесин көтөрүп, хан шайланып, жоопкерчиликти өзүнө алган. Бул окуяны кыргыз хандыгынын түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү эң орчундуу окуя катары кароого болот. Ошондуктан Ормон хан атабыздын кыргыз элинин эгемендиги үчүн жасаган эрдиги менен өтөгөн эмгеги татыктуу бааланышы керек. Ормон хан сындуу көз карандысыздыкты коргоого, жерибизди сактап калууга салым кошкон өз мезгилинин чыгаан уулдарына, ата-бабаларыбызга таазим кылып, алардын аттарын даңктап-даңазалайлы", — деген мамлекет башчы.
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар сарбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.
Ал кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарыбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин "Жер ортосу" аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн.
1842, 1843 жана 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.
1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан армиясы менен Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген. Ошондой эле Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.
Хандар баш ийген кыргыз наркы. Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов менен маек