Mega уюлдук операторуна кардар чыкпай аукцион жылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ызы-чуу менен сатыкка коюлган Mega уюлдук операторуна кардар чыкпай аукцион жылдырылды.
"Альфа Телеком" мамлекеттик ишканасынын тагдыры бүгүн чечилмек. Бирок сатып алуу ниетин билдирип эч ким кайрылган эмес, мындан улам аукцион 11-октябрга жылды.
Компаниянын баштапкы баасы 14,6 миллиард сом (166 млн доллар).
Эске салсак, "Альфа Телеком" ишканасынын акциясынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу (19 миллиард сом жана 14,56 миллиард сом) өзгөргөн.
Бийлик Mega мамлекеттин карамагында каларына ишендирди, бирок аукцион өтөт