БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте 1-октябрдан тарта муниципалдык ECO TAXI ишке киргенин калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта саамалык шаарда экологиялык жактан зыянсыз транспорт тармагын өнүктүрүүчү демилгелердин бири экени айтылат.
"Азырынча электр кубаты менен иштеген 10 автоунаа каттамга чыкты. Такси Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен тарта 12-кичи районго чейин саат 7.00дөн 10.00гө чейин жана кечинде саат 17.00дөн 20.00гө чейин сары тилке менен жүрөт. Баасы — 50 сом", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия айдоочулар атайын окутуудан өткөнүн, ал эми автоунаалар GPS-навигация менен жабдылганын белгиледи. Эми жакын арада ар бир электромобилдин геолокациясын etaxi.kg сайтынан көрүп-билүүгө болот.
Муниципалитет аталган транспорттун артыкчылыгын да тизмектеп берди:
атайын бөлүнгөн сары тилке менен жүрүүсү;
жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна кам көрүү;
каражаттын үнөмдөлүшү;
коопсуздук — салондо видеокамералар орнотулган.