Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 43 кишиге жетти

Бишкектеги эки тез татым жайы жабылып, аларга айып салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Борбор калаада тез татым жайынан шаурмага уулангандардын саны 43 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Буга чейин 21 адамдын жабыркаганы кабарланып, алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.
Сүйүмбаев көчөсүндөгү эки тез татым жабылып, айып салынды. Министрликтин жетекчиси шаардагы бардык фастуфд саткан жайларды текшерүүгө тапшырма берген.
Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды