Бишкекте медиктер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыгышты. Сүрөт

Бейтап ооруканага сентябрь айында кайрылып, жүрөгү айланып, кускусу келерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт.— Sputnik. Кыргызстандын дарыгерлери 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограммга чукул чач алып чыгышты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бейтап ооруканага сентябрь айында кайрылып, дайыма жүрөгү айланып, кускусу келерин айткан. Ал дурустап тамак иче албай, арыктап, гемоглобини түшүп кеткен.
"Жыйынтыгында дарыгерлер анын ашказанына операция жасап, 4 килограммдай чач, жүн алып чыгышкан", — деген дарыгердин орун басары.
Операция ийгиликтүү аяктап, кыз ооруканадан чыкканы, тамакты жакшы ичип калганы маалым болду.
Ошто эки ай мурун тыйын жутуп алган 2 жашар кызга операция жасалды