Бишкектин автобустары эми жол эрежеси бузулганын каттай баштайт

Түштүк магистралдагы коомдук транспорт үчүн чийилген сары тилкеге түшүп алган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Эми Бишкектеги автобустар жол эрежеси бузулганын каттай баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ордо калаада жаңы автобустарга камералар орнотулган. Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, патрулдук милицияга жөнөтүлөт.
"Түштүк магистралдагы коомдук транспорт үчүн чийилген сары тилкеге түшүп алган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат", — деп жазылат билдирмеде.
Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы мамилеге көз салуу үчүн салонго дагы камералар коюлганы маалым болду.
"Автоураган" аппараты 6 саатта жол эрежесин бузган 42 автоунааны аныктады