Бишкекте эл аралык "Кыргызстан ЕХРО — 2023" көргөзмөсү өтөт

Иш-чаранын максаты – ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукциялар менен кызматтарды ички жана тышкы рынокко жайылтуу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 27-28-29-октябрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт сарайында эл аралык "Кыргызстан ЕХРО — 2023" аталышындагы көргөзмө өтө тургандыгын өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.
Көргөзмөнүн максаты — ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукциялар менен кызматтарды ички жана тышкы рынокко жайылтуу, ага катышкан мамлекеттер жана ишканалардын илимий-техникалык, маданий кызматташуусун өнүктүрүү.
Көргөзмө 27-октябрда саат 11:00дө ачылат.
Иш-чаранын алкагында бир катар багыттагы атайын продукциялар көргөзмөгө коюлат. Анын ичинде айыл чарба азыктары жана техникалары, жеңил өнөр жай товарлары, банк кызматтары, транспорт жана логистика, туризм жана саякат, энергетика тармагы да бар.
Кыргызстандык 15 компаниянын товарлары эл аралык көргөзмөгө коюлду. Сүрөт