КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Кыргызстанда биринчи ирет КМШ жаштарынын Дельфи оюндары өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эл аралык байланыштар жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нусубалы Жакыпбеков КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарын өткөрүүгө даярдык кандай жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкек шаарында 6-октябрдан 10-октябрга чейин КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Нусубалы Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда маданий иш-чарага даярдык кызуу жүрүүдө.

"Шериктеш өлкөлөрдүн жаштарына арналып уюштурулган Дельфи оюндары биздин өлкөдө биринчи жолу уюштурулат. Буга чейин көбүнчө Россияда өткөрүлүп келген. Азыркы кезде даярдыктар кызуу жүрүүдө. Катышуучулардын тизмеси толукталып, алар Бишкекке кайсы рейстер менен келери такталууда. Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн 300дөй катышуучунун келери күтүлүп жатат. Ал эми Кыргызстандан 200дөй талант катышат. 14 жаштан 25 жашка чейинки жаштар бир аянтчага чогулуп, тажрыйба алмашат. Иш-чара эки багытта — конкурстук жана фестивалдык негизде өтөт. 6-октябрда конокторду тосуп алабыз. 7синде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ачылуу аземи болот. 8-9-октябрда конкурстук программа уюштурулуп, 9у кечинде жабылуу аземи өтөт", — деди Жакыпбеков.

Ал мындай маданий иш-чаралар өлкөлөр арасындагы достук мамилени да бекемдей турганын кошумчалады.