Анкарада ИИМ имаратынын жанында теракт жасоо аракети болду. Видео

Атышуу учурунда полициянын эки кызматкери жеңил жаракат алган
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликай ИИМ имаратынын жанында теракт жасоо аракети болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Жергиликтүү убакыт менен саат 9:00дө жеңил автоунаа менен жүргөн эки террорчу ИИМдин күзөт башкармалыгынын алдына келип, бири өзүн жардырып жиберген. Экинчиси жок кылынды", — деген ИИМ башчысы.
Атышуу учурунда полициянын эки кызматкери жеңил жаракат алган.
Ирандагы мечитке террорчулар кол салды. Видео