Ажиотаж жок. Монополияга каршы кызмат Бишкектеги көмүрдүн баасын атады

Адистер борбор калаада көмүрдүн баасына мониторинг жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкекте учурда көмүрдүн жетишсиздиги байкалган жок, баасы дагы туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Кара алтындын наркынын жогорулап кетишин алдын алуу максатында аталган кызматтын кызматкерлери сатуу жайларында мониторинг жүргүзгөн.
"Кара-Кече кенинен чыккан көмүр 5 500 сомдон сатылууда. Казакстандын "Кара-Жыра" жана "Шабыркүл" көмүрү 6 000 сомдон берилип жатат", — деп билдирди мекемеден.
Көмүр саткандарга бардык нормаларды сактап, сооданы мыйзам чегинде жүргүзүү керектигин эскертишкен.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жасалып жатканын белгиледи.
Пресс-борбор
Кыргызстанда көмүрдүн сапатын жакшырта турган эки завод курулат