Бишкекте 21 киши шаурмага ууланды. Эки тез татым жайы жабылды

Шаурма саткан жай. Архивдик сүрөт
Ооруканага 15 адам жаткырылган, анын экөө — балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 21 киши шаурмага ууланганын маалымдады. Алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.
Бейтаптардын экөө балдар. Алты адам үйүнөн дарыланууга чыгарылган.
Тез татым жайлары Чүй проспекти менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
Кардарлар ууланган эки тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтерин жойгуча деп жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулануу фактысы боюнча чукул жыйын өткөргөнү маалым болду.
ӨКМ кызматкерлери өртөлгөн газ баллондор менен. Архив
ӨКМ газ баллон колдонуудагы эрежелерди эскертти