Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден өкмөттү каржылоо мыйзамына кол койду, ага Украинаны колдоо кирген жок

Мыйзам Конгресс тарабынан жактырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден өкмөттүн ишин каржылоону 45 күнгө — 17-ноябрга чейин уланткан мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Конгресс тарабынан жактырылганын РИА Новости агенттиги Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып жазды.
"Ишембиде, 30-сентябрда, президент HR 5860 мыйзамына кол койду, ал мыйзам федералдык түзүмдөр 2023-жылдын 17-ноябрына чейин айрым каржылоолорду жабууну жана мөөнөтү өтүп бара жаткан кээ бир ыйгарым укуктарды улантууну камтыйт", — деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, мыйзамда Украинанын керектөөлөрү үчүн каражат бөлүү каралган эмес. Буга чейин Байден Вашингтон кандай болгон күндө да Киевди колдоону токтотпой турганын айткан.
Аталган мыйзамга кол коюу — АКШдагы "шатдаунду" алдын алды, антпесе өкмөттүн иши 1-октябрда токтомок. Бир чечимге келүүгө АКШнын администрациясы менен мыйзам чыгаруучуларынын ортосунда бюджеттин көлөмү боюнча да, каржылоо беренелери боюнча да жаралган пикир келишпекстиктер тоскоол болуп жатты.
Ак үй республикачыларды кызматташуудан баш тартты деп айыптаган, ал эми сенаттагы республикачыл азчылык жана палатанын көпчүлүк өкүлдөрү бийликтин аракеттерин, анын ичинде чек аралык кризисти жөнгө салуу иштерин жактырышкан эмес.
Алардын ача пикирин жараткан дагы бир жагдай бюджетке Украинага жардам берүү үчүн каражаттын киргендиги болду. Бир катар конгрессмен бюджетке киевдик режимге каражат бөлүү киргизилген болсо документтин кабыл алынышына каршы добуш беришерин убадалаган.
"Жолун билсем жасайт элем". Байден АКШдагы "шатдаун" тууралуу