Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаңы шаар, жаңы дем. Россия жаңы аймактарын кантип калыбына келтирүүдө?

Жаңы региондордун өнүгүүсү үчүн 2026-жылга чейин жалпы 2 триллион рубль бөлүнмөкчү.
Sputnik
Ушу тапта Россия жаңы региондорундагы шаарларды калыбына келтирип жатат. Өлкөнүн вице-премьери Марат Хуснулиндин маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарымында 100дөн ашык социалдык объект калыбына келтирилип, ооруканалар, төрөт үйлөрү курулду. Ал эми 1-сентябрга карата ондогон окуу жай колдонууга берилген.
Мындан тышкары, 2,5 миң батирлүү турак үй калыбына келтирилди, тургундардын көбү жаңы үйлөрүнүн ачкычын алышкан.
Регионду суу менен камсыздоо үчүн каналдар ишке кирүүдө.
Тарыхый жана маданий объектилер да көз жаздымда калган жок. ДЭРде калыбына келтирилген “Саур-Могила” мемориалдык комплекси менен ар кайсы жылдары мекен чегин коргогон жоокерлердин Луганскидеги жаңыланган “Острая могила” мемориалы ачылды.
Жаңы региондо үч жыл ичинде 8,4 миң объектини калыбына келтирүү пландалган. Бул үчүн кийинки жылы россиялык бюджеттен 37,5 млрд. рубль бөлүнөт. Ал эми жаңы региондордун өнүгүүсү үчүн 2026-жылга чейин жалпы 2 триллион рубль берилмекчи.