Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору эң жаш романс аткаруучусуна белек тапшырды

“Борбор азиялык романсиада” сынагына үч өлкөдөн 57 аткаруучу катышты. Алардын эң кенжеси Арсен Мухтарбеков көрүүчүлөрдүн тандоосуна арзыды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков "Борбор азиялык романсиаданын" эң жаш катышуучусуна сыйлык жана белек тапшырды. Тогуз жаштагы Арсен Мухтарбеков көрүүчүлөрдүн тандоосуна арзыды.
"Бизде ушундай үндүү аткаруучулар бар экендигине сыймыктандым. Балдар таза энергиясы менен бөлүшкөнү өзүнчө бир керемет", — деди Алымбеков.
1 / 2

Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков "Борбор азиялык романсиаданын" эң жаш катышуучусуна сыйлык жана белек тапшырды

2 / 2

Тогуз жаштагы Арсен Мухтарбеков көрүүчүлөрдүн тандоосуна арзыды

Конкурска Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 аткаруучу катышты.
Алар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" жана "Автордук романс" номинациялары үчүн күч сынашты.
Конкурстук уктуруулар 28-сентябрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн. Бүгүн филармонияда өткөн гала-концертте жеңүүчүлөрдүн ысымдары жарыяланды.
Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды. Ал декабрь айында Москвада өтө турган орус романсынын жаш аткаруучуларынын "Романсиада" XXVII эл аралык сынагынын финалына катышат.
Сынакты КР Маданият министрлиги, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом), "Романсиада" кайрымдуулук фонду уюштурган.
Колдоо көрсөткөндөр: "Чет жердеги орус мурасы" фонду жана Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры.
Конкурстун медиа өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу.
"Борбор азиялык романсиаданын" Бишкектеги гала-концерти. Видео