Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Көк түс да жарашмак. Президенттин кеңешчиси желекти өзгөртүү идеясын колдоду

Абыкеев желектин кемтик жагын оңдоодон трагедия жасоонун кереги жок деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирди.
Ал чет элдиктер желектеги нурларды күн карамага окшоштуруп жатканын айтты.
"Желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн "Манаста" көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек. Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар", — деп жазды Чолпонбек Абыкеев.
Ал желектин кемтик жагын оңдоодон трагедия жасоонун кереги жок деп эсептейт. Дүйнөдө тууну түп тамырынан өзгөрткөн учурлар да болгондугун белгиледи.
Буга чейин Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов желектеги күндүн нурун өзгөртүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.
Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды