Ошто шаар күнүнө карата массалык жарыш өтүп, 3 миңдей адам чуркады

Спорт ышкыбоздору 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркап, күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош калаасынын борбордук аянтында 5-октябрь шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, катышуучулар 16 категория боюнча 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркап, күч сынашты. Байгелүү орундарды ээлеген жөө күлүктөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
1 / 4

Ош калаасынын борбордук аянтында 5-октябрь шаар күнүнө карата жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү

2 / 4

Ага ылайык, катышуучулар 16 категория боюнча 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркап, күч сынашты

3 / 4

Байгелүү орундарды ээлеген жөө күлүктөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды

4 / 4

Жарыш 14 жаштан 67 жашка чейинки шаар тургундары жана коноктору арасында өтүп, ага 3 миңден ашык адам катышкан

Жарыш 14 жаштан 67 жашка чейинки шаар тургундары жана коноктору арасында өтүп, ага 3 миңден ашык адам катышкан.
Анын арасында муниципалдык кызматкерлер, мекеме-ишканалардын, эмгек жамааттары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү, медициналык кызматкерлер да бар.
Ош мэриясы шаар күнүн майрамдоо үчүн Россия, Италия, АКШдан ырчыларды чакырды