Нарында мелдешке 90 жаштагы карыя катышты. Сүрөт

Турнир улгайган адамдардын күнүнө карата уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Нарын шаарында 1-октябрь — улгайган адамдардын күнүнө карата спорттун бир нече түрү боюнча облустук мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чараны Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.
1 / 4

Нарын шаарында 1-октябрь — улгайган адамдардын күнүнө карата спорттун бир нече түрү боюнча облустук мелдеш өтүүдө

2 / 4

Иш-чараны Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда

3 / 4

Оюндун эң улуу катышуучусу 90 жаштагы Абдыразак Шермамбетов болду. Карыя шахмат ойногон.

4 / 4

Ошондой эле спорттун ардагери, жеңил атлетика жана триатлон боюнча көптөгөн республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Толгонай Шааевага 20 000 сомдук акчалай сертификат тапшырылды

Оюндун эң улуу катышуучусу 90 жаштагы Абдыразак Шермамбетов болду. Карыя шахмат ойногон. Ага жана мелдештин 80 жаштагы күйөрманы Абдрахим Жусупжановго баалуу белектер ыйгарылды.
Ошондой эле спорттун ардагери, жеңил атлетика жана триатлон боюнча көптөгөн республикалык жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Толгонай Шааевага 20 000 сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Мелдешке активдүү катышкандар кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
Турнир 30-сентябрь күнү бильярд оюну менен жыйынтыкталмакчы.
Балыкчылык киши Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты. Сүрөт