Улгайгандын баары интернатта жашай алабы? Эмгек министрлигинин жообу

Бүгүнкү күндө республика боюнча улгайган жарандар жана майыптар үчүн беш социалдык мекеме иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги улгайган жарандар кайсы учурда интернатта жашоого укуктуу экенин айтып берди.
Ага ылайык, жалгыз бой улгайган жарандар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өзүн-өзү кароого жөндөмсүз жана сырттан кароого муктаж адамдар социалдык стационардык мекемелерде жашай алат.
Ошондой эле жакын туугандарынын кароосу жок калган, улгайган, оорусуна жана майыптыгына байланыштуу өзүн багууга жөндөмсүз жубайлар интернатта жашаса болот.
"Интернатка жайгаштыруунун негизги критерийлеринин бири — кароосуз калуу фактысы. Негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча аткара албагандар же жалгыз бой адамдар, жакын туугандарынын кароосу жок калган жана аз камсыз болгондор социалдык стационардык мекемеге кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.
Бүгүнкү күндө министрликтин системасында республика боюнча улгайган жарандар менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн беш социалдык мекеме иштейт. Ал жакта 513 киши жашаса, анын 240ы улгайган курактагы жалгыз бой адамдар, ал эми 273ү майыптар.
Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Статкомдон түшүндүрмө