Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Статкомдон түшүндүрмө

Ушул жылдын башына карата өлкөдө 65 жаштагы жана андан улуу курактагы жашоочулар 378,1 миңди же жалпы калктын 5,4 пайызын түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин корутундусунда айтылат.
Маалыматта көрсөтүлгөндөй, БУУнун курактык классификациясына ылайык, эгерде калктын жалпы санында 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү төрт пайыздан төмөн болсо, өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Ал эми төрт пайыздан жети пайызга чейинки интервалда болсо, карылыктын босогосунда турат деп саналат, жети пайыздан жогору болсо улгайган калк деп эсептелет.
"Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Ушул жылдын башына карата өлкөдө 65 жаштагы жана андан улуу курактагылар 378,1 миң адамды түзгөн. Бул жалпы калктын 5,4 пайызы", — деп айтылат комитеттин маалыматында.
Анткен менен бул көрсөткүч КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу калк жашыраак экендигин айгинелейт. Үстүбүздөгү жылдын башында Азербайжан жана Казакстан боюнча көрсөткүч 8,5 пайызды, Россия, Беларуста 16,5 пайызды түзгөн.
"БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция 2030-жылга жакын байкалат. Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын үлүшү жети пайызга жакындайт", — деди комитеттен.
Өлкөдө акыркы 8 жыл ичинде жаштардын өлүмү азайды