Радио

Эндоскопиялык диагноз, операциянын кандай артыкчылыгы бар?

Хирург, эндоскопист Талгатбек Абдыкадыров эндоскопиялык технологиянын медицинадагы артыкчылыктары, ошондой эле гастроскопия жана колоноскопия ыкмалары тууралуу айтып берди.
Sputnik
Эндоскопия ийкемдүү оптикалык аспаптын жардамы менен адамдын ички органдарын изилдөө ыкмасы болуп саналат. Эндоскопия учурунда инструмент табигый жолдор менен ички көңдөйгө киргизилет. Мисалы, ашказанга — ооз жана кызыл өңгөч аркылуу, бронхага — кекиртек аркылуу, табарсыкка — уретра аркылуу, ошондой эле пункция же хирургиялык ыкмалар аркылуу. Бул тууралуу Талгатбек Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, заманбап эндоскопия көптөгөн оорулардын, өзгөчө ар кандай органдардын (ашказан, табарсык, өпкө) онкологиялык ооруларын алгачкы баскычтарында билүүдө өзгөчө роль ойнойт.
"Бүгүнкү күндө ийкемдүү эндоскопиянын орду абдан жогорку деңгээлге жетти. Ал органдарды текшерүүгө гана эмес, түрдүү операцияларды жасоодо да пайдаланылат. Кыргызстанда эндоскопиянын гастроскопия (ашказан), колоноскопия (жоон ичеги), бронхоскопия (бронх), кольпоскопия, лапароскопия (карын көңдөйү) жана башка түрлөрү активдүү колдонулууда. Дарыгерлер бейтапты кароо учурунда дароо эле ички органдардагы өсүндү, кисталарды алып салат. Мурда карынга операция жасоо үчүн ич булчуңдарын кесүү керек болсо, бүгүнкү күндө үч тешиктен эндоскоп жана хирургиялык инструменттер киргизилип, манипуляциялар тез жасалып, эки-үч күндүн ичинде бейтап ооруканадан чыгарылат. Эндоскопиялык операциялар бейтапка минималдуу тобокелдик менен жасалат", — деди Абдыкадыров.
Ал эндоскопия Кыргызстанда жаӊыдан гана өнүгүп келе жаткан ыкма экенин кошумчалады.