ЕАЭБде 2023-жылдын аягына чейин экономикалык өсүш күтүлүүдө

Божомолго ылайык, ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын өсүү темпи быйылкы жылдын аягына чейин 3 пайызга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. ЕАЭБде 2023-жылдын аягына чейин экономикалык өсүштүн тездеши күтүлүүдө. Бул тууралуу ЕЭК сайтында жарыяланган макроэкономикалык баяндамада айтылат.
Анда 2022-жылдын экинчи жарымында ЕАЭБ экономикасы калыбына келе баштагандыгы жазылган. Ал эми 2023-жылдын аягына чейин мүчө мамлекеттердин Экономика министрликтеринин божомолуна ылайык, ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын өсүү темпи 3 пайызга жетет.
"Жакшы божомолдор бар. Экономикалык өсүшкө инвестициялардын оң динамикасын сактоо, калктын кирешесин жана эмгек акысын жогорулатуу, эмгек рыногундагы жагымдуу жагдай сыяктуу факторлор өбөлгө болот. Булар 2023-жылы ички суроо-талапты жогорулатууга жардам берет", — деди ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.
Ал биримдиктин өсүш дарамети мындан да жогору экенин, аны ишке ашыруу үчүн капиталдын сыртка агылышын токтотуу жана инвестициялык насыя берүүнү кеңейтүү керектигин белгиледи.
Радио
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында ветеринардык сертификатты онлайн берүүдө