Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен эки бөлмөлүү батир берилери айтылды

Кыргыз дзюдосунун тарыхында Эрланга чейин Азиададан алтын байге уткандар болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кытайдагы Азия оюндарында алтын медаль алган дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектин борборунан эки бөлмөлүү батир берилет. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев билдирди.
Спортчуну кечээ күйөрмандары, жакындары жана ЖМК өкүлдөрү Манас аба майданынан тосуп алган. Көлбаев журналисттер менен баарлашып жатып, Эрлан федерация кызматкерлерине жана жаш спортчуларга дем бергенин айтты.
"Бизге Эрлан чоң стимул берди. Тарыхта биринчи жолу алтын алып келди. Бул федерацияга иштөөгө жакшы түрткү берет. Ошон үчүн федерация, анын аймактагы бардык өкүлчүлүктөрү, өнөктөштөр, достор, айтор, бардыгыбыз биригип Эрланга Бишкектин борборунан эки бөлмөлүү батир белекке берели деп жатабыз. Бул дзюдочуга эле эмес жаш спортчуларга дагы стимул болот", — деди Көлбаев.
26-сентябрда Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болгон. Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында дзюдодон Азия оюндарында алтын медаль болгон эмес.
Азиададан алтын алган дзюдочу Эрлан Шеров тууралуу эмне белгилүү