Радио

2024-жылы Сочи шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын региондор менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Нурмухаммед Атамбаев 2024-жыл КМШ өлкөлөрүндө Ыктыярчылар жылы деп белгиленип, бир катар иш-чаралар өтөрүн айтты.
Sputnik
Кийинки жылы 29-февралдан 7-мартка чейин Россиянын Сочи шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы өтөт. Ири иш-чарага 20 миңдей катышуучу катталып, Кыргызстандан 300 ыктыярчы барарын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фестивалда КМШдагы ыктыярчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер көтөрүлүп, ыктыярчылык кыймылды жайылтуу боюнча атайын программалар сунушталат.
"Өлкөдө ыктыярчылардын иши алардын коомдогу орду чоң экенин көрсөттү. Баткендеги чек ара окуясында, пандемия учурунда, Көчмөндөр оюндарында жана башка ири иш-чараларда чоң салым кошту. Мындан улам Кыргызстанда ыктыярчылардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, кабыл алынды. Мамлекет ыктыярчыларды колдоп, бардык жагынан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп жатат. Быйыл Борбор Азия жаштар форуму өтүп, талкууланган темалардын катарына ыктыярчылыкты кошуп, анын маанилүүлүгү айтылды. Буга чейин өкмөт башчылары кол коюп, 2024-жыл КМШ өлкөлөрүндө Ыктыярчылар жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу кийинки жылы 29-февралдан 7-мартка чейин Россиянын Сочи шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы өтөт. Ири иш-чарага 20 миңдей катышуучу катталып, Кыргызстандан 300 ыктыярчы барат. КМШдагы ыктыярчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер көтөрүлүп, ыктыярчылык кыймылды жайылтуу боюнча атайын программалар сунушталат", — деди Атамбаев.
Ошондой эле адис Кыргызстандагы ыктыярчылардын бирдиктүү реестри түзүлүп, багыттары аныкталып жаткандыгын кошумчалады.