Кыргызстанга 8 унааны мыйзамсыз алып киргендер чек арадан өтөрү менен аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Кайыңды темир жолу" товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу сегиз унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМК билдирди.
Атайын кызмат тарабынан өлкөнүн бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлдү.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салык жана Бажы кызматтарынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканы белгиленди.
УКМК бакандай болгон эки окуу жайдын декандары жемкорлукка барганын айтты