Путин: Россия Латын Америка менен ЕАЭБдин ортосунда байланыш түзүүгө белсенет

Москва Латын Америкадагы бир катар мамлекеттердин БРИКС ишмердүүлүгүнө толук укуктуу мүчө, өнөктөш катары кошулуу ниетин колдойт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Россия Латын Америка менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда байланыштарды түзүүгө аракеттенет жана аймактагы бир катар өлкөлөрдүн БРИКС уюмуна кирүү ниетин колдойт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Тактап айтканда, бул структуралардын ЕАЭБ менен байланыш түзүүсүнө, соода саясаты, тарифтик жөнгө салуу, инвестицияны алдыга жылдыруу, технологияны өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелердин жолдорун салыштырып көрүшүнө өбөлгө түзөбүз. Албетте, Россия Латын Америкадагы бир катар мамлекеттердин БРИКС ишмердүүлүгүнө толук укуктуу мүчө, өнөктөш катары кошулуу ниетин колдойт", — деген Путин "Россия — Латын Америка" эл аралык парламенттик конференциясынын жүрүшүндө.
Путин РФ менен Латын Америка өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форматындагы мамилени жандантууну өз учурунда жасалып жаткан кадам деп сыпаттаган.
"Мыйзам чыгаруучулардын Россия – Латын Америка байланыштарынын алдыда кеңейишин колдогону чындыгында маанилүү. Азыркы конференция так ушул максатты көздөйт", — деп белгилеген президент.
Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө