Минкаб октябрдан баштап пенсияга канча сом кошуларын айтты

Буга чейин пенсиянын орточо көлөмү 7 662 сомду түзсө, көбөйтүлгөндөн кийин 9 354 сом болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети 1-октябрдан баштап Кыргызстандагы пенсия канчага көбөйөрүн айтты. Буга чейин Садыр Жапаров пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.
5 миң сомго чейин пенсия алгандарга 500 сом кошулат.
5-10 миң сом алган пенсионерлерге 1472 сом кошулат.
10-20 миң сом алгандарга орто эсеп менен 3895 сом кошулат.
20-30 миң сом алган пенсионерлерге 7687 сом кошулат.
Өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 9 354 сомду же 105 долларды түзөт. Буга чейин анын көлөмү 7 662 сом болчу.
Жашоо токтоп калбайт! Пенсияга чыкканда депрессияга кабылбоонун жолдору