Ош мэриясы шаар күнүн майрамдоо үчүн Россия, Италия, АКШдан ырчыларды чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош мэриясы шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда гала-концерт өткөрө турганын билдирди.
Майрамдык кече 5-октябрь күнү Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулуп, саат 19:00дө башталат.
Мэриянын маалымат кызматы Италиядан IN GRID, АКШдан BAD BOYS BLUE, Россиядан DJ BAKS жана Өзбекстандан Хамдам Собиров чакырылганын кабарлады. Ал эми кыргыз ырчыларынан JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова жана башкалар катышат.
Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады