Кыргызстан ЕАЭБ, Кытай жана ЕБ рыногунда инвесторлор үчүн "терезе" боло алабы?

Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлор кызыкдар болгон бир топ артыкчылыктарга ээ. Атап айтканда, биздин өлкө аркылуу башка рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Sputnik
Жакында Үрүмчүдө "Кытай — Евразия: товарлар жана соода — 2023" ЭКСПОсунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: "Инвестициялык потенциалы бар Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик, Европа биримдиги жана Кытайдын рынокторуна чыгуу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорго "терезе" катары чыга алат жана буга даяр", — деген кызыктуу билдирүү жасады.
Sputnik агенттиги адистерге кайрылып, КР инвесторлорго эмне сунуштай аларын, Евразиялык экономикалык биримдигине чет өлкөлүк бизнести тартууда өлкө кандай ролду аткара аларын сурап көрдү.

Акылбек Жапаров келтирген жүйөлөр

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын Жалпы преференциялар системасы+ (өзгөчө жеңилдиктер) макамы бар экенин эске салды. Ушул макамдын жардамы аркылуу Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге товардын 6200дөн ашуун түрүн тарифтик ставкасыз экспорттой алат. Мындан тышкары, республика "Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасына" (DCTS — британ программасы) кирет. Бул артыкчылык болжол менен 8 миң товардык позиция боюнча жеңилдетилген тарифтерди пайдаланууга жол ачат.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров
Жапаров дүйнөлүк экономикалык борбор Түштүк-Чыгышка карай жылып, глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу өсө турганын баса белгиледи.

Инвесторлорго бул эмне үчүн пайдалуу?

КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекованын баамында, ар бир инвестор үчүн негизги фактор — жагымдуу инвестициялык климаттын (мыйзам чыгаруучу база, өнүккөн төлөм тутуму, соода-логистикалык инфраструктура, кадрлар жана башкалар) болушу. Ошондуктан өлкөдө жагымдуу чөйрө түзүү үчүн аракеттер, атап айтканда, төмөндөгү артыкчылыктар камсыздалды:
инвесторлор үчүн, анын ичинде жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жер тилкелерин берүү, салык жеңилдиктерине байланышкан преференциялар (долбоордун макамы жана инвестициялар көлөмүнө жараша);
текшерүүлөргө мораторий, бул административдик процедураларга убакыт коротпой долбоорду ишке ашыруу менен алектенүүгө шарт жаратат;
мамлекеттик органдар сатып алууда ички өндүрүшчүлөргө артыкчылык берип, алар жок болгон учурда гана сырттан издөөгө милдеттүү;
либералдык мыйзам чыгаруу (Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүнө салыштырмалуу);
эркин экономика;
бир топ өнүккөн каржылык рыногу, мында чектөөсүз төлөм операцияларын жүргүзүүгө болот;
Кыргызстанда жумушчу рыногуна жыл сайын 100 миңдей киши чыгат;
кыйла өнүккөн соода-логистикалык түйүн, республика транзиттик зонада жайгашкан;
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун эбегейсиз потенциалынан улам КР "Европага терезе" боло алат;
жети транспорттук кургак коридор Кыргызстан аркылуу өтөт.
КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова
"Биз ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсүбүз, ал эми биримдиктин негизги принциби — товар, кызмат көрсөтүүлөр жана финансылык каражаттардын эркин айланышы. Кандайдыр ички чектөөлөр жок. Өлкөдө түзүлгөн шарттарды эске алуу менен Кыргызстанга баш багып, ЕАЭБдин бардык рынокторуна кирүү жеңил. Менимче, бул эң башкы артыкчылыктардын бири", — деди Усенбекова.

КР инвесторлорго чындап "терезе" боло алабы?

Чөлкөмдөгү интеграция боюнча эксперт Денис Бердаков мындай потенциал бар экенин белгилейт. Анын айтымында, соңку 3-4 жылда Кыргызстанга россиялык инвесторлордун агымы күчөдү. Алардын өлкөнүн гана рыногуна эмес, Борбор Азия мамлекеттеринин, Кытай жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Чөлкөмдөгү интеграция боюнча эксперт Денис Бердаков
"Россиядан ондогон компанияларды, олуттуу инвестицияларды көрүп турабыз. Иш жүзүндө Кыргызстан РФ үчүн санкция салынбаган кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик техникасын импорттоонун негизги түйүндөрүнүн бири боло алат", — деп түшүндүрдү Бердаков.
Кытайлык инвесторлордун агымы да кем калышпайт. Алар чакан борбор азиялык рынок гана эмес, бүтүндөй ЕАЭБге кызыгышат. Мисалга, жакында эле КЭРден бир ишкана электр унааларын бизде чыгарууга ниеттенгени белгилүү болду. Бердаковдун айтымында, Кыргызстан — Кытай менен Россия үчүн тарыхый жактан ашуу базасы. Биринчиден, бизде көп тилдүүлүк бар. Экинчиден, республикада татаал логистика технологиясы өнүккөн. Маселен, КЭРден кийим (жана сырье) алуу менен жергиликтүү тигүүчүлөр аны россиялык стандарт жана табитке ылайыктайт. Натыйжада РФ рыногунун чоң бөлүгүн Кыргызстандан барган жеңил өнөр жай өндүрүмдөрү ээлейт.
Саясат таануучу Борбор Азия Европа биримдигине да кызык экенин белгилейт, анткени чөлкөмдө кооперация өнүгүүгө өр алган, россиялык көгүлтүр от келип, салыштырмалуу жумушчу күчү да арзан. Мисалы, Өзбекстанга Германия, Франция, Италиядан ондон ашуун концерн кирди.
"Борбор Азия ыңгайлуу чөлкөм болуп калды, себеби ал аркылуу Россия (импорт жана экспорт), Кытай жана Европа (экспорт) өтөт. Башкача айтканда, бул багытта биздин чөлкөм көп жагынан утат", — деп эсептейт Бердаков.

Ал "терезе" кең ачылабы?

Эксперт Кыргызстанда социалдык экономикалык туруктуулук өкүм сүрүп, инвестицияларды коргоо кепилденип турса, өлкөгө салым көп салынарына ынанат. Анын баамында жакынкы 7-10 жылда Россия менен КЭРден миллиарддаган инвестициялар келиши мүмкүн. Жакында эле кытайлык компаниялар менен олчойгон суммага келишимдер, анын ичинде ГЭС каскадын куруу жөнүндөгү меморандум жана 1 гигаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу туурасындагы инвестициялык документке кол коюлду. Бердаковдун айтымында, алдыдагы 7-10 жыл аралыгында республиканын ички дүң өндүрүмү бир жылда кеминде эле 10 пайызга өсүшү мүмкүн.
Жакында япониялык адистер Кыргызстандын каржы саясатын изилдөө үчүн келишет