Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Иш-чарада Кыргызстан фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин тогузунчу жыйыны өтүп жатат.
Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда. Мындан сырткары, шериктеш мамлекеттердин ишкерлери дагы келген.
Аталган аянтчада өнөр жай саясаты тармагындагы маселелер жана экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу талкууланат. Ошондой эле кадрдык потенциал, химиялык өнөр жай, калдыктарды кайра иштетүү, кеме куруу, энергетикалык коопсуздук, илимий-инновациялык өнүктүрүү жана машина куруу маселелери каралат.
Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкө фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Эске салсак, быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын өкүлдөрүнүн жыйыны кандай өттү? Видео