Евразиялык экономикалык биримдик ага мүчө мамлекеттер өндүргөн продукцияны жайылтуу, колдоо, өнүктүрүү максатын көздөйт. Ошол мүмкүнчүлүктү биз толугу менен пайдалана албай жатабыз. Союз учурунда пахта, жүн, жибектен бери өндүрүп, аны кездемеге айлантып, жеңил өнөр жайынын 80 пайызын текстиль тармагы ээлесе, азыр, тескерисинче, тигүү тармагы басымдуулук кылат. Бул тууралуу Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текстиль тармагын өнүктүрүү үчүн чоӊ инвестиция керек. Синтетикалык материалдарды өндүрүүдө Россия, Казакстан менен кызматташып, бул тармакты алдыга сүйрөп кетүүгө чоӊ мүмкүнчүлүк бар.
"2010-жылга чейин жеӊил өнөр жай өндүрүшү Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында гана болгон. Биз "Дордой" базарына көз каранды болуп, ал аркылуу чийки зат алынып, даяр продукция сыртка чыгарылчу. Ал эми түштүктө Кара-Суудагы базар болчу. Азыр жеӊил өнөр жайы бүтүндөй Кыргызстан боюнча тарады. Баткен, Чүй облустарында, Таласта ишканалар ачылды. Кыргызстанда кийим өндүрүшүнүн тез өнүгүшү Россиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө да байланыштуу. Өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылып үй шартында иштегендер арбын. Бирок өнөр жай жаңы адамдарга, жумушчу күчүнө абдан муктаж. Жаңы инструменттерди колдонуу менен кадрларды тартуу керек. Эмне үчүн ушунча жумуш орду туруп эл эмгек миграциясына чыгып кетип жатканын билдик. Негизинен жаштар турак жайга акча топтоо үчүн кетишет. Ошондуктан биз министрлер кабинетине тигүүчүлөр үчүн өзүнчө ипотекалык линия ачууну сунуштадык. Бул кесип эркектер үчүн жагымдуулугун жогорулатат. Анткени тигүүчүлүктү биздин өлкөдө аялдардын жумушу деп гана кабыл алышат. Бул анын өнүгүшүн жайлатууда. Жеӊил өнөр жайы өтө оор тармак болгондуктан эркектердин күчүнө муктаж", — деди Асанов.
Ал геосаясий абалдан кийин киргизилген санкциялардан улам Кыргызстан менен Россия ишкерлеринин кызматташуусу дагы бир тепкичке көтөрүлгөнүн кошумчалады.