Эки күндө 33 миң кишини атып салышкан. Фашисттердин Бабий Ярдагы кыргыны

Элди тыптыйпыл жок кылган фашисттерге украин нацисттери да кошулган.
Sputnik
Киевдин четинде жайгашкан Бабий Яр Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетин чагылдырган аймак. Согуш башталган соң ошол эле 1941-жылдын сентябрында фашисттер элди массалык атууну баштаган.
29-30-сентябрда Киевде жашаган еврей калкын дээрлик кырып салышкан. Эки күндө 33 771 киши атылган. Ал эми жалпы немец оккупациясы учурунда 200 миң кишинин канына забын болушкан. Фашисттерге украин нацисттери да кошулган эле.
Бабий Ярдагы кыргын мезгил да, убакыт да унуттурбай турган каргаша катары адамзаттын эсинде калат.
Тема боюнча:
89 жыл мурда Донбассты нацисттерден бошотушкан. Видео