Ушул жылдын 8-июнунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Сочи шаарында өткөн отурумунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде окумуштуулук даража жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлган. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Казакстан болон системасы менен билим бергендиктен келишимди убагында ишке ашыра албай калдык.
"Ушул жылдын 8-июнунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Сочи шаарында өткөн отурумунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде окумуштуулук даража жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлган. Тилекке каршы, Казакстандын билим берүү тармагы болон системасында болгондуктан келишимди ишке ашыруу кечиктирилип калды. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү мөөнөтү узарып, документтерди шайкеш келтирүү кыйынчылык жаратты. Эми Кыргызстандын жараны уюмга мүчө мамлекеттерде жумушка орношуп жатканда илимий, окумуштуулук наамдары эске алынып, бардык төлөмдөр төлөнөт. Бул иш миграция тармагына да байланыштуу болгондуктан алган айлыгына жараша кийин пенсия да көбөйөт", — деди Мукаев.
Ошондой эле адис ЕАЭБдин алкагында бизнес өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, маселелердин чечилишине басым жасаларын кошумчалады.