Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ветеринардык сертификаттарды берүүнү "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого ветеринардык сертификаттар (форма 1, 2, 3) берилүүдө.
"Өкмөттүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө" № 257 токтому бекитилген. Ага ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу ЕАЭБде ветеринардык сертификаттарды онлайн түрдө ушул жылдын 1-сентябрынан тарта берүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө 204 электрондук ветеринардык сертификат тапшырылды. Долбоордун биринчи этабынын алкагында форма № 1, 2, 3, 4 документтери уюмдун ичинде гана жүзөгө ашат. Алсак, форма № 1 сертификаты тирүү жандыктарды экспорттоого, форма 2 — тамак-аш азыктарына, форма 3 — чийки зат, тоюттарга жана форма № 4 даяр сүт, балык азыктарына берилет", — деди Кабылбеков.
Ошондой эле адис "Бирдиктүү терезе" системасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формасындагы ветеринардык сертификаттарды берүүнү ишке ашыруу пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.