Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктан жаш бала каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бүгүн кечке жуук Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Кырсык бир адамдын өмүрүн алганын Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрттөн жаш бала каза болгон. Министрликтин маалымат кызматы дагы бир аял Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, кийин үйүнө чыгарылганын билдирди. Өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Ташкент шаарында катуу жарылуу болду. Видео