Бишкектеги КМШ саммити

Бишкек КМШ саммитине даярданып жатат. Сүрөт

Имараттардын фасадынын абалына, тазалык менен жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. КМШ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында расмий делегациялар жүрө турган маршрутка инспекция жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

КМШ саммитине даярдык көрүүнүн алкагында расмий делегациялар жүрө турган маршрутка инспекция жүргүзүлдү

2 / 3

Биринчи май району менен муниципалдык аймактык башкармалыгынын текшерүүсү эртең менен эрте башталган.

3 / 3

Алар Фучиктин Рыскулов көчөсүнөн Клубный тар көчөсүнө чейинки бөлүгүн, Жибек жолу проспектисинин Фучиктен Манаска чейинки бөлүгүн текшеришкен.

Биринчи май району менен муниципалдык аймактык башкармалыгынын текшерүүсү эртең менен эрте башталган. Алар Фучиктин Рыскулов көчөсүнөн Клубный тар көчөсүнө чейинки бөлүгүн, Жибек жолу проспектисинин Фучиктен Манаска чейинки бөлүгүн текшеришкен.
"Имараттардын фасадынын абалына, тазалык менен жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин чарбалык субъектилер түштөн кийин өзүнө тийиштүү аймагын тазалай баштады. Даярдык иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Делегациянын негизги маршруту Фучик көчөсүндөгү "Аска-Таш" комплексинен Жибек жолу проспектисине чейин, андан ары Манас жана Айтматов проспектилери менен "Ала-Арча" резиденциясына чейин барат.
Саммит 12-13-октябрга чейин уланат.
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат