Жумуртканы мен өндүрбөйм, аны тоок тууйт. Министр менен депутаттын суроо-жообу

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго өлкөдө өндүрүлгөн жумуртка боюнча суроолорду узатты.
Эл өкүлү министрден алгач "тукумду кантип өндүрөсүз?" деп сурады. Жаныбеков буга "жумуртканы мен өндүрбөйм, жумуртканы тоок тууйт" деп жооп кайтарды. Ал ошондой эле Кыргызстанда жумуртка өндүрүүнүн өсүшү фабрикалардагы тооктордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу экенин айтып, өлкөдө төрт чоң тоок фабрикасы, 20дан ашык орточо фабрикалар иш жүргүзөрүн кошумчалады.
Атазов ун маселесине да токтолду. Ал "Кыргызстанда өндүрүлгөн унду наабайканага албагыла, Казакстандыкын алгыла деген маалыматтар жүрөт, буга эмне дейсиз?" деп сурады. Министр Жаныбеков: "Эми наабайкананын ээси өзү билет да, кайсы унду алыш керек экенин. Мен наабайкананы кыдырып "сен бул унду ал" деп айтмак белем", — деди министр.
Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимин кайра кароо мыйзамын кабыл алды