Акыйкатчы Оштогу эскилиги жеткен №5 тергөө абагына барды. Сүрөт

Омбудсмен институту камералар ным болуп, имараттын эскилиги жеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында №5 тергөө абагынын шарты менен таанышты. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Имарат 19-кылымдын соңунда курулган, бул жерде убагында Курманжан датканын уулу Камчыбек кармалып турганын мекеменин кызматкерлери айтып беришкен.
Тергөө абагында 500 орун бар, акыйкатчы келген учурда 367 адам кармалып турганы айтылды. Жаманбаева төрт орундуу камерада 8 киши камалып жатканына күбө болгон.
1 / 7

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында №5 тергөө абагынын шарты менен таанышты

2 / 7

Имарат 19-кылымдын соңунда курулган, бул жерде убагында Курманжан датканын уулу Камчыбек кармалып турганын мекеменин кызматкерлери айтып беришкен

3 / 7

Тергөө абагында 500 орун бар, акыйкатчы келген учурда 367 адам кармалып турганы айтылды

4 / 7

Жаманбаева төрт орундуу камерада 8 киши камалып жатканына күбө болгон

5 / 7

Акыйкатчы институту камералар ным болуп, имараттын эскилиги жеткенин белгиледи

6 / 7

Камактагылар шарт-жагдайга нааразычылыгын билдирген эмес, бирок сотто алардын укугун коргоону өтүнүшкөн

7 / 7

Омбудсмен тергөө абагынын шарты адам укугун бузуп жатканын айтып, министрлер кабинетин изоляторду шаар сыртына чыгарууну тездетүүгө чакырды

Акыйкатчы институту камералар ным болуп, имараттын эскилиги жеткенин белгиледи.
Камактагылар шарт-жагдайга нааразычылыгын билдирген эмес, бирок сотто алардын укугун коргоону өтүнүшкөн.
Омбудсмен тергөө абагынын шарты адам укугун бузуп жатканын айтып, министрлер кабинетин изоляторду шаар сыртына чыгарууну тездетүүгө чакырды. Расмий органдардын маалыматына караганда, бул мекеме шаардын тышына көчүрүүгө зарыл болгон объектилердин катарында турат.
Акыйкатчы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагынын шарты менен дагы таанышкан.
"Камактагы аялдардын бири өзүн адвокат катары тааныштырып, укугу бузулганын айтып арызданды. Ал "Бейбаштык" беренеси менен кармалган. Акыйкатчы ал аял менен көпкө сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Башка камераларда кармалгандар кармоо шартына нааразычылыгын билдирген эмес.
Кулак-мурду кесилген аял: акыйкатчы каргашага сот менен милицияны да күнөөлөдү