Ошто адвокат аял эркек кишини сабады деп айыпталууда

Жактоочунун окуясы боюнча кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош шаарында адвокат Айсулуу Жапар кызы кармалганын калаанын Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милицияга 33 жаштагы тургун кайрылып, Жапар кызы аны сабап салганын айткан. Юрист бир нече ирет суракка келбей, натыйжада кармалган.
Жактоочунун окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал 23-октябрга чейин тергөө абагында болот.
Пара алды деген шек менен Бишкек шаардык сотунун судьясы кармалды