Депутат: жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 киши пробация менен чыгыптыр

Эл өкүлү жеңил жаза менен чыккан зөөкүрдүн бири жабырлануучу кызды кайра барып зордуктаган учур катталганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эки жылга жетпеген убакытта жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан чыгып кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте билдирди.
Ал мындай маалыматты Жогорку сот менен Пробация департаментинен расмий түрдө алганын белгиледи.
"2022-жылдан бери жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 адам пробациялык мөөнөт менен абактан бошонуп кетиптир. Бул эки жылга жетпеген убакыттын ичинде эле катталган окуялар. Алар секелектерди зордуктап, абактан тез эле чыгып кетет экен. Азыр бир фактыны айтсам үрөйүңөр учат. Бирөө пробациялык мөөнөт менен чыккандан кийин жабырлануучу кызга кайра барып, экинчи ирет зордуктаптыр. Анан анын боюна бүтүп калган. Мына, соттор ушундайларды пробация менен бошотуп жатат", — деди Акаев.
Ошондой эле ал буга чейин Элвира Сурабалдиева башында турган депутаттар иштеп чыккан зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөнүн белгиледи. Ошондуктан аны тез арада экинчи-үчүнчү окуудан өткөрүп кабыл алууга чакырды.
Эркектердин баары зордукчул эмес. Самыйкожо ЖМКларды көзөмөлдөөнү талап кылды