БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстандын каржы саясатын изилдөө үчүн япониялык адистердин тобу келет. Бул тууралуу Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда Акылбек Жапаров менен Бишкекте болгон жолугушуусунда билдиргенин өкмөттөн маалымдады.
Канда япон адистери мамлекеттик карызды башкаруу, бюджеттин чыгашасын кыскартуу жана салык сыяктуу бир катар экономикалык жана каржылык маселелер боюнча сунуштарды киргизерин билдирди.
Жолугушууда ошондой эле кыргыз-япон кызматташуусундагы маселелер талкууланып, аны мындан ары кеңейтүү керектиги айтылды.
Япония автомобиль жасоо, кеме куруу, курулуш жана металлургия, энергетика, робототехника жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда лидер экенин эске алып, министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Япониянын финансы министринин орун басары эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты.