БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын "президенти" Самвел Шахраманян өлкөнүн жоюлушу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Карабах маалымат штабынан билдирди.
Шахраманян жарлыкты түзүлгөн аскердик-саясий оор кырдаалга таянуу менен чыгарганын РИА Новости жазды.
"Коопсуздукту камсыздоо жана Карабах элинин жашоо кызыкчылыктары, Азербайжан бийлик өкүлдөрү менен россиялык тынчтыкты орнотуучулар контингентинин ортомчулугу менен жетишилген макулдашуу эске алынды. Ага ылайык, Тоолуу Карабахтын жашоочулары, куралдарын өткөрүп берген аскер кызматкерлери Лачин коридору боюнча эркин, эч тоскоолдуксуз өтүшү камсыздалат. Тоолуу Карабах Конституциясынын 93-беренесине таянып бардык мамлекеттик мекеме, уюмдарды 2024-жылдын 1-январына чейин таратуу чечими кабыл алынды жана Тоолуу Карабах (Арцах) өз алдынча республика катары эсептелбейт", — деп жазылган жарлыкта.
Карабахтын элине аталган жарлык күчүнө киргенден кийин Азербайжан тарабынан берилген реинтеграция шарттары менен таанышуусу сунушталган.
Жарлык коомчулукка жарыялангандан кийин күчүнө кирет.