БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Тажикстанда Коргонуу министрлигинин балансына жергиликтүү аба каттамдарындагы 21 аэропорт өткөрүлгөнүн Sputnik Тажикстан жазды.
Бул боюнча аталган республиканын өкмөтү атайын токтом чыгарган. Аба майдандар буга чейин шаарлар менен райондордун карамагында турган. Тажикстандын аталган министрлиги эми аларды калыбына келтирип, оңдоп-түзөп жана дайыма иштетип турушу керек. Республикада азыр төрт гана эл аралык аэропорттон учушат.
Бир катар ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын арасында Кыргызстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан Исфара аба майданы да бар.