Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Спикер желектеги күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады

Демилгечилер учурдагы күн нурунун формасы бир маанини туюндурбайт деп эсептешет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын желегинин ортосунда жайгашкан күн нурунун формасын өзгөртүү сунушталды.
Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеп, коомдук талкууга койду.
Алар туунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун көрүнүшү күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу интерпретацияланып жатканын белгилеген. Андыктан сүрөт бир маанини туюндура турган болушу керек деп эсептешет.
Ушуга байланыштуу туудагы күн нурунун толкун сымал формасын күндү түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталганын айтышты.
Депутат Малиев желек, герб, гимнди өзгөртүүнү сунуштап, варианттарын айтты