БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19дун "уулуу" жана "кишини өлтүрө турган" түрү тарады деген кабарлар жалган. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы билдирүү жасады.
Ведомство "дельта" штамм тууралуу жалган маалыматтар боюнча жарандарга кайрылды.
"WhatsApp тайпаларда COVID-19дун "уулуу" жана "кишини өлтүрө турган" түрү жайылып жатат деген маалыматтар айтылууда. Бул маалыматтар калп. Элди ишенимдүү маалымат булактардын кабарларына гана ишенүүгө чакырабыз", — деп айтылган билдирүүдө.
Аталган башкармалык, андан сырткары, башкаларды элди дүрбөлөңгө түшүргөн, фейк кабарларды таратпоону суранды.