Берлиндин борбордук бөлүгүнө кичинекей манасчынын айкели орнотулду. Сүрөт

Президент бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү максатын эскертип турарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган кичинекей манасчынын айкели менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Элчи Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди.
"Жаш манасчы кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы баланын курагы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет. Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, "Манас" эпосунан үзүндү уга алат", — деди Текебаев.
Президент бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү максатын эскертип турарын айтты.
Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге барды. Аэропорттон видео