Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге барды. Аэропорттон видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге барганын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге барды

2 / 2

Мамлекет башчысынын учагы "Берлин-Бранденбург" эл аралык аэропортуна конду. Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарова да барган

Мамлекет башчысынын учагы "Берлин-Бранденбург" эл аралык аэропортуна конду. Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарова да барган. Аларды тосуп алуучулардын арасында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев болду.
Президент Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен барган. Сапарынын алкагында президент 29-сентябрда өтө турган "Германия – Борбордук Азия" саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле "Германия экономикасынын чыгыш комитети" герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.
Президент Жапаров иш сапары менен Германияга учту. Кимдер коштоп кетти