Президент Жапаров иш сапары менен Германияга учту. Кимдер коштоп кетти

Сапардын алкагында расмий бөлүктөн сырткары Германия ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу да каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган "Германия – Борбордук Азия" саммитине катышат.
Иш сапардын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу пландалган. Андан сырткары, "Германиянын экономикасынын чыгыш комитети" аталышындагы Германия ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да каралган.
Жапаров жектектеп кеткен расмий делегациянын курамы төмөнкүчө болду:
биринчи айым Айгүл Жапарова;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту