БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Автоунааларды онлайн кайра каттоо кызматы менен "РСК банк" мамлекеттик банкынын кардарлары гана колдоно алат. Бул туурасында редакцияга финансылык мекеменин башкаруучу директору Фарида Даузова билдирди.
"Кайра каттоодон өтүү үчүн сатуучу, анын аялы/күйөөсү жана сатып алуучу "РСК банктын" кардары болушу керек. Алар RSK 24 мобилдик тиркемесин телефонуна көчүрүшү шарт, бул Android менен iOS колдонуучуларына жеткиликтүү. Эгер сатуучунун никеси болсо, анын жубайы тиркеме аркылуу макулдук бериши зарыл. Ансыз келишим түзүлбөйт", — деди Даузова.
Онлайн кайра каттоо үчүн автоунаанын ээси "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүнө барып машинасын визуалдуу кароодон өткөрүп, сүрөткө тарттырышы керек. Кароодон өткөнү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул аралыкта онлайн кайра каттоого жол ачылат.
ИИМ жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-сентябрдан тарта автоунааларды онлайн кайра каттоо долбоорун пилоттук режимде баштаган. Ал "РСК банктын" платформасында ишке ашырылган. Саамалык кезек күтүүнү азайтып, документтик кагаздарды кыскартып, сатуучу менен сатып алуучулардын убактысын үнөмдөйт. Пилоттук долбоор бир жылга созулат, эгер жемишин берсе онлайн кайра каттоо андан ары да ишин улантат.